• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Активист Тилекмат Куренов абактан чыкты

17 Аяк оона 2022 11:51 Бишкек Govori.TV

Камактагы активист Тилекмат Кудайберген уулу бүгүн, 17-сентябрда абактан чыкты. Бул тууралуу анын тарапташтары билдиришти.

Садыр Жапаровдун саясатын сындап келген Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) Фейсбуктагы баракчасы аркылуу бийликти кулатууга чакырык жасаган деген негизде быйыл 15-мартта Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган.

2021-жылдын 20-августунда Бишкектин Свердлов райондук соту жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулун күнөөлүү деп таап, 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Жазык кодексинин 310-беренесинин («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») 2-бөлүмүнүн 1-пункту, 192-беренесинин («Шайлоочуларды сатып алуу») 2-бөлүмү менен күнөөлүү деп тапкан. Сот залынан камакка алынган активист өзүнө тагылган айыпты моюнуна албай турганын билдирген.

Активист «Жетим-Тоону коргоо» кыймылын жетектеп, «Ханституцияга каршы» тобуна мүчө болгон. 11-июлда Бишкек шаардык кеңешине өткөн кайра шайлоодо «Туран» партиясын жетектеп чыккан.

Количество просмотров: 2489