• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Активист Жоробеков үй камагына чыкты

15 Кулжа 202421:54 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыгып камалган жарандык активист Афтандил Жоробеков үй камагына чыкты. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Мындай чечимди Ленин райондук соту кабыл алган. Жактоочу Жоробековдун ишинде мыйзамсыз чакырыктарды экспертиза аныктабаганын жүйө кылып, үй камагына чыгарууну өтүнгөн. Сот адвокаттын өтүнүчүн канааттандырган.

Эске салсак, Жоробеков 2023-жылы 9-декабрында камалган. Ага “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.

Количество просмотров: 148