Сот тарабынан 100 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилген Өндүрүш Токтонасыровго каражат чогулуп бүттү. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова жазды.
Маалыматка карганда, каражат бир күндүн ичинде чогулган.
Бир катар активисттер буга чейин сот тарабынан 100 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилген Өндүрүш Токтонасыровго жардам берүү үчүн акция башташкан.
19-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту активист, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду “Расалык, этностук, улуттук, диний, дин аралык кастыкты козутуу (жек көрүү)” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салган.