• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Активист Жоробековдун кармалганы кабарланды

7 Бештин айы 202323:03 Бишкек Govori.TV

Тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробеков кармалганын укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.

Ал эми Жоробеков Фейсбуктагы баракчасына: «Мени кармап, телефонумду алып жатышат. Аягына чейин! Желек өзгөрбөйт!», — деген билдирүү калтырган.

Азырынча милиция расмий маалымат бере элек.

Активист 9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта тууну өзгөртүүгө каршы митинг өткөрүүнү көздөп жаткан. Мындан улам ал буга чейин дагы милиция менен УКМКга сурак берип чыккан.

Количество просмотров: 183