• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Активист милицияга жеткирилди

22 Баш оона 2023 10:50 Бишкек Govori.TV

Активист Төлөн уулу Бектемир Бишкекте милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Маалыматка караганда, ал Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесине (Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) ылайык козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Төлөн уулу Бектемирди күч органдары кармап кетишкенин укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жазган.

“Эч кимге зыяны жок, музыка, искусство тармагында жүргөн, комуз, аккордеон тарткан жигит кимдин куйругун басты?”, — деген ал.

Кошумчалай кетсек, Төлөн уулу Бектемир интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу коомдук маселелер боюнча өз оюн ачык билдирип жүргөн.

Борбор калаанын ички иштер башкармалыгы бул боюнча комментарий бере элек.

Количество просмотров: 131