• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Активисттер Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын тарап кетүүлөрүн талап кылууда

8 Баш оона 201810:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек 08.08.2018 Govori. TV

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинде шаар мэрин шайлоо өтүп жатат. Мэриянын имаратынын алдында жарандык активисттер мэрди шайлоого байланыштуу митинг өткөрүшүүдө. Алар шаардык кеңештин депутаттарынын тароосун талап кылышууда.
Алар буга чейин КСДП сунуштаган мэрлер камакта отурганына карабай, дагы жалгыз талапкерди сунуштап чыгышканына каршы экенин билдирди.
Ошондой эле алар «КСДП партиясы бешинчи ирет мэрди сунуштап, бекитип келишүүдө деп кошумчалашты.
Эске салсак, алардын төртөөнө кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө эки-үчөө соттолуп камалып отурушат. Ошого карабай, кайрадан КСДП партиясы дагы башка адамды мэрликке сунуштап жатат деп нааразы.
Активисттер “Биз демократиялык мамлекетте жашайбыз. Башка фракциялар да талапкерди сунуштап, атаандаштыктын негизинде татыктуу мэр келсе деген ой менен митингге чыктык. Шаардык кеңештин депутаттарына нааразыбыз”-деп билдиришүүдө.
Количество просмотров: 12