Кыргызстанда санариптик кызматтарды өнүктүрүү жана жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында «Менин шаарым» мобилдик тиркемесине жаңы функция кошулду.
Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришкендей, эми тиркеменин колдонуучулары автобекеттерге барбастан, шаарлар аралык жүргүнчү ташуу каттамдарына электрондук билеттерди онлайн режиминде брондоп жана сатып ала алышат.
Жаңы кызматтан пайдалануу абдан жөнөкөй жана бир нече эле кадамды талап кылат:
Төлөм ийгиликтүү жүргүзүлгөндөн кийин электрондук билет автоматтык түрдө тиркеменин ичинде сакталат. Жүргүнчү жолго чыгаарда аны уюлдук телефонунан эле айдоочуга же контроллерго көрсөтүүсү жетиштүү.
«Бул заманбап сервис жарандардын убактысын үнөмдөөгө, автобекеттердеги узун кезектерди азайтууга жана өлкө ичиндеги саякаттарды алдын ала пландоого чоң өбөлгө түзөт», — деп айтылат маалыматта.