• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Активисттер мэр шайлоого каршы митингге чыгышты

8 Баш оона 20189:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек 08.08.2018 Govori. TV

Шаар башчылыгына бекитилип жаткан — Азиз Суракматовду колдобогон активисттер, Мэриянын алдына чогула башташты.
Алардын эн негизги максатынын бири, Мэр кызматына келүүчү талапкерди шайлоо жолу менен, көпчүлүктүн колдоосунда өтүүсү шарт. Мындан улам нааразычылык билдирген жарандардын саны көбөйүүдө.
Элдин пикири менен эсептешүүнү суранган активисттер шаардык кеңештеги бир катар фракциялардын аталышы жазылган сөлөкөттөрдү да көтөрүп алышкан.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэринин кызматына Азиз Суракматов жалгыз талапкер болуп катталган. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Коалицияга кирбеген “Республика – Ата Журт” талапкер чыгарбай турганын билдирген. Атаандашсыз мэр шайлоо жараяны коомчулукта нааразы пикирлерди жаратууда.

Количество просмотров: 11