• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Акунбеков камакта калды

2 Бирдин айы 2024 15:32 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-февралда Бишкек шаардык соту “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкери Сапар Акунбековдун баш коргоо чарасын карап, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

Соттун чечимине ылайык, ал 2 айга камакта калтырылды.

Акунбеков «Айт, айт десе» долбоорунда иштегенине 2 ай гана болгонун билдирди.

«Мыйзамсыз кармашты. Стажёр катары иштеп жүргөм. Эмне үчүн камап коюшканы түшүнүксүз, бул жерде эчтеке жок «, — деди Акунбеков.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 102