• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Акылбек Жамангулов, ЖК депутаты: “84 гектар жерди ижарага берүү-мамлекеттик мүлктү тоноо!”

17 Чын куран 2018 13:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.04.2018. Govori.TV

“Акыркы жылдары эле Бишкекте 84 гектар жер ижарага берилип кеткен, бюджетке бир тыйын киреше түшкөн эмес”. Бул сөздү ЖКнын депутаты Акылбек Жамангулов өкмөт башчынын отчетун угуп жатканда айтты.

“Ал жерлерди жеке менчик ишканалар алып алып, коммерциялык үйлөрдү куруп, сатып пайда көрүп жатышат. Буга ким жооп берет? Ижарага берген жерге курулуш кургандарга ким уруксат берди. 84 гектар жер-мамлекеттик мүлктү тоноо!”,-деди ал.

Ошондой эле эл өкүлү банкроттук абалдагы, дотацияда отурган мамлекеттик ишканалар миллиондогон сомдорду кайрымдуулукка жумшап жатканына таң калып жатканын, алар анча акчаны коротууга кандайча укуктуу болуп калганын сурады.

 

Количество просмотров: 16