• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Акылбек Жамангулов, ЖК депутаты: “ТЭЦти үч ай иликтеп, бир чиновниктин атын атай албасак, эмнебиз комиссия?”

2 Бугу 2018 14:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 02.05. 2018. Govori.TV
“Үч ай иликтеп, бир да жетекчинин атын атай албасак, эмнебиз комиссия? Ошондуктан, корутундуга кол койбой, макул болбой турам”. Бул сөздөрдү Govori.TV маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып ЖКнын депутаты Акылбек Жамангулов айтты.
Анын билдиргенине караганда, учурда үч депутат-Алмаз Токторов, Аида Касымалиева жана өзү комиссиянын корутундусуна кол койбой, өзгөчө сунуштары менен карманып турушат.
“Бүгүн комиссиянын төрагасы акыркы корутундунун долбоорун мага жөнөткөнүн айтытты. Мен карап көрөм, эгер биздин сунуштар кирбесе анда, биз кошумча сунуштарды палатага алып чыгабыз. Мисалы мен, үч ай иликтедик, көп нерселер ачыкка чыкты,  ТЭЦтин авариясына кимдер күнөөкөр экендигин, модернизациянын ийгиликсиз болуп чыгышына, каржылык-экономикалык баш-аламандыктарга кимдердин тиешеси бар экенин ачык жазалы деген сунуш киргиздим. Бирок, буга кесиптештеримдин көпчүлүгү макул эмес”,-дейт ал.
Эске сала кетсек, келе жаткан жуманын башында ТЭЦти иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу жалпы жыйынга алынып чыгышы  күтүлүүдө. Бирок, комиссиянын корутундусуна чейин эле ТЭЦке тиешелүү чиновниктердин көбү камалып, ал тургай экс-премьер Сапар Исаков УКМКда сурак берүүдө.
Количество просмотров: 19