Бүгүн, 18-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды.
Соттук отурумга келген ЖКнын мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу журналисттердин суроолоруна кыскача жооп берип, ким күнөлүү экенин сот аныктарын айтты.