• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Акылбек Жамангулов, ЖКнын депутаты: “Силерди ушул жерден кармап камаш керек”

10 Бугу 2018 18:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.05.2018. Govori.TV

“Бул жерде Улуттук энергохолдингдин орун басар төрагасы, ТЭЦтин азыркы жана мурдагы директорлору отурасыңар. Силер азыр кармап, камаш керек!”. Бул сөздү парламенттеги ТЭЦтеги авария менен модернизацияны талкуулаган жалпы жыйында депутат Акылбек Жамангулов айтып чыкты.

Анын пикиринде, энергетиктер депутаттарды гана эмес элди да алдап жатышат.

“Уят эмеспи, кантип алдап жатасыңар? Ушуну уялбай кантип көтөрүп келип жатасыңар? 19, 5 млн. доллар административдик башкарууга, 12 млн. доллар транспорттук чыгашаларга кетип жатат. Курулуш менен техникалык көзөмөлдү биз ТБЕАга ишенип бердик,  ага да 8 млн. доллар кетти. А силер ушул жерге балыкоозду көтөрүп  отурасыңар. Мен расмий түрдө башпрокуратуранын орун басарына кайрылам, бул жалган маалыматтар үчүн чара көрүңүздөр”,-деди ал.

Эске сала кетсек, парламентте бүгүн ТЭЦтеги аварияны иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу каралды.

 

Количество просмотров: 9