Акылбек Жапаров, депутат: “Каржы министрлиги ТЭЦ боюнча Эксимбанктын насыясына каршы болгон”
Акылбек Жапаров, депутат: “Каржы министрлиги ТЭЦ боюнча Эксимбанктын насыясына каршы болгон”
26 Бирдин айы 201817:32 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.02. 2018. Govori.TV
Кыргызстандын каржы министрлиги Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча кытайлык Эксимбанктан насыя алууга каршы болгон. Бул тууралуу ЖКнын ТЭЦтеги аварияны иликтөө боюнча депутаттык комиссиясынын жыйынында мурдагы каржы министри Акылбек жапаров айтып чыкты.
“Мен кытайлык түз насыя алууга каршы болгомун. Мага анын мөөнөтү өтө кыска жана үстөк пайыздары жогору көрүнгөн. Андыктан каржы министри катары каршы чечимимди бергенмин, бирок, буга карабай, келишим түзүлүп кеткен”,-дейт андагы министр, азыркы ЖКнын депутаты
Эске сала кетсек, кыргыз өкмөтү Бишкек ТЭЦин жаңылоого кытайлык Эксимбанктан 386 млн. доллар нассыя алып, аны 20 жылда үстүнө 95 млн. доллар үстөгү менен төлөп берүүгө милдеттенген.
Түтүн же жылуулук? Өкмөт башчы Жылуулук электр борборунун иши менен таанышты
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек жылуулук электр борбору …
Декларация-2023: Мурдагы өкмөт башчы Жапаровдун байлыгы…
Салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин 2023-жылга кирешеси тууралуу декларациясын жарыялай баштады. Анда көрсөтүлгөн маалыматка ылайык, былтыр декабрда …