• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Акыйкатчы Институту: “Сот флешмоб, тынч митинг, акцияларга тыйуу салбашы керек!”

3 Чын куран 2018 14:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04.04. 2018. Govori.TV
КРнын Акыйкатчы институту “Биз тумчугуп жатабыз!” акциясынан мониторинг жүргүзүү менен бирге сот тарабынан мындай тынчтык жүрүштөрүнө тыйуу салуу мыйзамсыз экендигин билдирди.  Аталган органдын билдирмесине таянсак, 2-апрельге белгиленген акцияга Ленин райондук соту тарабынан тыйуу салынышы, шаардык соттун бул чечимди кубатташы жарандардын мыйзамдык укуктарына чектегендикке жатат.
“Жарандардын тынч чогулуштарды өткөрүү  укугу Кыргыз Республикасынын жана эл аралык адамдардын эркиндиги жана укуктары боюнча документтер менен бекемделген. Айталы, Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган “Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын” 20-беренеси, “Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү Эл аралык пактын 21-беренеси,, “Көз карандысыз Шериктеш Мамлекеттердин адам  укуктары жана негизги эркиндиктери тууралуу Конвенциянын” 12-беренеси, КРнын Конституциясынын 34-беренеси жана КРнын “Тынч чогулуштар жөнүндөгү мыйзамы жарандардын тынч чогулуштарына чек койбойт”,-деп жазылган Акыйкатчынын билдирүүсүндө.
Эске сала кетсек, 2-апрелге болжолдонгон бак-дарактарды кыйууга каршы Бишкек шаар башчылыгына болгон нааразычылык митинги бүгүн Бишкек мэриясынын алдында өттү.  Бишкек шаардык жана Ленин райсоттору буга тыйуу салган.
Количество просмотров: 31