Бүгүн, 22-февралда Бишкек шаарындагы өкмөт үйүнүн алдына Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунан келген жаран нааразычылык акциясына чыкты.
«Үйүм мыйзамсыз түрдө сатылып кетти» деген Майрам Тешебаева акыйкаттык издейт.
«5 жылдан бери кайрылбаган жерим калган жок, бирок натыйжа чыкпай келет. Соттордун мыйзамсыз чечимдеринен улам көчөдө калдым»,-деди Тешебаева.
Белгилей кетсек, Сузактан келген аял буга чейин дагы жалгыз пикетке чыккан.