• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Акыйкатчы «Азаттыктын» журналистти Исаков туурасында үн катты

7 Бугу 201915:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.05.2019.Govori.TV.

Акыйкатчы Токон Мамытов “Азаттык” радиосунун кызматкери Ыдырыс Исаковдун иши боюнча соттук отурум Ош шаардык сотунда болуп калса мониторинг жүргүзүү боюнча Акыйкатчы аппаратынын Ош облусундагы өкүлчүлүктүн кызматкерлерине тапшырма берди.
Ошондой эле Акыйкатчынын өкүлчүлүгү журналистке юридикалык көмөк көрсөтүүдө.

Эгерде Ыдырыс Исаковдун иши “Азаттык” радиосунун Бишкек шаарында жайгашкан кеңсесинин дареги боюнча (жоопкер расмий түрдө Бишкек шаарында иштейт, Ошко иш боюнча жөнөтүлгөн болчу) карала турган болсо, анда соттук отурумду Борбордук аппарат мониторинг кылат.

Токон Мамытовдун пикиринде, тараптардын бирөө ашыкча күнөөлүү болгон күндө да, доогер талап кылгандай сумма 50 млн. сом эмес, чыныгы жашоонун минималдуу эсептик көрсөткүчүнүн эң аз өлчөмүндө болушу керек эле.


Количество просмотров: 16