• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жаманбаева Монголиянын Омбудсмени менен жолугушту 

1 Жалган куран 2024 14:01 Бишкек Govori.TV

КРдин Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Монголиянын адам укуктары боюнча улуттук комиссиясынын башчысы Жаргалсайхан Хунан менен жолугушту.

Акыйкатчылыктан кабарлагандай, жолугушуу Бишкек шаарында өттү.

Жолугушуу учурунда тараптар адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты. Ошондой эле Кыргызстандын жана Монголиянын Омбудсмендери эки өлкөнүн улуттук укук коргоо институттары арасынындагы кызматташтыкты жакшыртууну макулдашты.

“Учурда Кыргызстандагы адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга оң таасирин тийгизе турган бир катар долбоорлорду активдүү демилгелеп жатабыз.

Мисалга адам укуктарын жана экриндиктерин камсыздоодо реалдуу механизм боло турган  “КРдин Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору каралып жатат.

Бул мыйзам долбоору Кыргызстанда эл аралык талаптарга жооп берген жана адам укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылган негизги документтердин бири болуп, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) “А” –  статусун алууга негиз болот деп ишенебиз”, — деди Кыргызстандын Акыйкатчысы.

Жаргалсайхан Хунан адам укуктарын жана экриндиктерин коргоо жаатында Монголиянын тажрыйбасы менен бөлүштү.Монголиянын адам укуктары боюнча улуттук комиссиясынын “А” статусу бар экенин белгилеп, “албетте, бул статус жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берет” деп кошумчалады.  

Биздин адам укуктары боюнча улуттук комиссиясынын адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга мүмкүн болгон ыйгарым укуктары кеңири. Мисалы, биздин мамлекеттик органдарга койгон талаптарыбыз сөзсүз түрдө аткарылууга тийиш. Ага байланыштуу мамлекеттик органдар адам укуктарын жана эркиндигин  бузулушун  аныктоо боюнча мониторингди биздин жүргүзүүбүгө кызыктар. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча биз жөнөткөн сунуштамабызда көрсөтүлгөн мыйзам бузууларды мамлекеттик органдар жоюуга милдетүү. Биздин жөнөткөн сунуштамабызга мыйзам боюнча даттанууга болбойт”, — деди Монголиянын Омбудсмени.

Ошондой эле, ал аялдарга жана балдарга карата болгон зомбулукка каршы көрүлүп жаткан чараларга токтолду.

Монголиянын Омбудсмени Кыргызстанда кыйноолорго каршы көрүлүп жаткан аракеттерге жана Акыйкатчы Институтунун Кыйноолорго каршы улуттук борбору менен алып барган иш тажрыйбасына кызыктар экенин билдирди.Андан соң Кыргызстан менен Монголиянын Акыйкатчылары БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Борбор Азиядагы башкармалыгынын аймактык бөлүмүнүн башчысы Матильда Богнер менен биргелешкен жыйын өткөрүштү. 

Тараптар адам укуктары жана эркиндиктери жаатында актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.

Негизинен гендердик теңчилик маселелери боюнча кызматташууга, ошондой эле үй бүлөлүк зордук-зомбулуктан аялдарды жана балдарды коргоо механизмдери тууралуу тажрыйба алмашууга кызыктар экендигин билдиришти.

Количество просмотров: 95