КР Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева өздүгүн тактаган документин жоготуп жиберип, оор кырдаалдарга туш болуп калган жарандарга тиешелүү мамлекеттик органдарды кайдыгер карабай, тезинен зарыл чараларды көрүүгө чакырды.
Маалыматка ылайык, Акыйкатчыга 32 жылдан бери Кыргызстанда өздүгүн тактаган документи жок жүргөн 50 жаштагы Г.Ю.В аттуу Эстониялык жаран кайрылган.
Анын айтымында, Кыргызстанга 1992-жылы СССРдин паспорту менен келип, бир канча убактан кийин документтерин жоготуп жиберген. Өздүгүн тактаган документтерин калыбына келтирүү үчүн Эстониянын тиешелүү мамлекеттик органдарына электрондук кат аркылуу бир нече ирээт кайрылган.
Анын билдиришинче, Кыргызстанда аталган өлкөнүн элчилиги жок болгонуна байланыштуу, Эстониянын Казакстандагы элчилигине да кайрылып, жооп ала алган эмес. Документтерин жоготуп жибергендиктен, өз өлкөсүнө кайрылып кете албай калган. Ал ушул күнгө чейин, күнүмдүк жалданма жумуштарды жасап жан багып келет. Учурда, Ысык-Көл облусуна караштуу Кызыл-Суу айылында жашап жатат. Г.Ю.В Акыйкатчыга кайрылып, Кыргызстанга көнүп, дос-тааныш таап калганын айтып, кыргыз жарандыгын алып берүүгө көмөк көрсөтүшүн өтүнгөн.
“Мен отуз жыл аралыгында документтеримди калыбына келтирүү үчүн болгон аракетимди жасадым. Бейтааныш өлкөдө документи жок жашоо мен үчүн абдан кыйын болду. Өз өлкөмө кете албай калып, кандай гана кыйынчылыктарды башымдан өткөрбөдүм. Кыргызстандын ар кайсы аймактарында иштеп, жан багып жүрдүм. Азыр Кыргызстанга көнүп, кыргыз жарандыгын алып, бул жерде эле калгым келет”, — деген ал.
Акыйкатчы Институнун демилгесинин негизинде тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Эстониянын тиешелүү мамлекеттик органдарына кайрылуу жолдоп, Г.Ю.В менен видео байланыш уюштурушкан. Анда Г.Ю.В өзүнүн Эстонияда туулгандыгын, ата-энесинен жаштайынан ажырап,балдар үйүндө тарбияланганын айткан. Ал балдар үйүндө бир тууган эжеси менен тарбияланып, кийин мектепти аяктагандан кийин, Кыргызстанга келгенин айтып берди.
“Канча жылдык өмүрүн документи жок өткөрүүнүн өзү эле абдан кейиштүү. Мындай аярлуу тагдырга туш болгон жарандын тагдыры баардык мамлекеттик органдарды кайдыгер калтырбашы керек ”, -деди Акыйкатчы.
Белгилей кетсек, Эстония Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тактоо иштерин жүргүзүп жатат.