КР Акыйкатчысынын Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Камалдин Рахматуллаев Баткен облустук биргелешкен ооруканасына барып, ал жерде блогер жана көз карандысыз журналист Батмакан Жолболдуевага жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.
Жолболдуева “Ишеним” менен “Ынтымак” фракцияларынын көчмө жыйынына катышуу үчүн Раззаков шаарына барганын, ал жерде түз эфир уюштуруп жаткан учурда КР Президентинин Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимов журналисттин телефонун тартып алып, ага кол көтөргөнүн маалымдаган.
«Батмакан Жолболдуева КР Акыйкатчысынын өкүлүнө жазуу жүзүндө арыз менен кайрылды. 7-февраль күнү бул арыз боюнча КР Президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө, Баткен облусунун прокуроруна, Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн башчысына жана Баткен облустук ооруканасынын директорунун наамына тиешелүү кайрылуулар жолдонду. Блогердин иши КР Акыйкатчы институтунун көзөмөлүндө»,-деп айтылат маалыматта.