• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Акыйкатчы институту митингде кармалгандардан кабар алды

4 Жалган куран 2020 9:23 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери 3-мартта УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалып турган Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, сүйлөшүү учурунда Осмоналиев кармоо шарттарына дооматы жок жана ден соолугунун абалына да даттанган эмес.

«Ошондой эле Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында Ала-Тоо аянтындагы митингде кармалган үч жаран менен жолугушту. Алар укук коргоо кызматкерлерине жана кармоо шарттарына дооматы жоктугун билдиришти»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен уюштурулган митингдин соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда тараптар бири-бирине таш ыргытып, көчө боюндагы автоунаалар, имараттар жабыркаган.

Количество просмотров: 204