• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Зордукталганы айтылган 4 жашар кыздын апасы арыз жазуудан баш тартты

25 Баш оона 202515:21 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Ысык-Ата районунда жакын тууганы зордуктаганы айтылган 4 жашар кыздын апасы милицияга арыз жазуудан баш тарткан. Бул тууралуу Акыйкатчылык тараткан маалыматта айтылат.

Ошого байланыштуу, Ысык-Ата районунун үй-бүлөнү жана баланы коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери мыйзамдуу өкүлү катары дайындалган.

Ысык-Ата РИИБ Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (Зордуктоо) 4-бөлүгү менен иш козгоп, наристеге зомбулук көрсөткөн өспүрүмдү 18-август күнү кармаган.

КРнын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Ысык-Ата районунда 4 жашар наристе кыздын зордукталышын өтө өкүнүү менен кабыл алып, мамлекеттик органдарды балдардын социалдык абалына көз салууну күчөтүүгө чакырды.

Ысык-Ата районундук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн маалыматында, ушул жылдын 18-августунда 4 жашар наристе жакын тууганы тарабынан зордукталганы айтылат.

Наристе Ысык-Ата райондук ооруканасынан кароодон өтүп, ага зомбулук болгону аныкталган.

Маалыматка ылайык, кыздын ата-энеси ажырашып кеткендиктен, аял балдарын Ысык-Атага туугандарына таштап, Бишкекке иштегени кеткен.

Кыздын апасы окуя тууралуу уккандан кийин микроинсульт алып Ысык-Ата райондук ооруканага жаткырылган, кийинчерээк шаарга которулганы маалым болду.

Учурда, Ысык-Ата райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы баланы коргоо боюнча жекече планынын негизинде иш алып барууда.

Кызга узак мөөнөттүү реабилитация талап кылынат.

Акыйкатчы балдар менен иш алып барган мамлекеттик органдарды профилактикалык иш-аракеттерди күчөтүүгө чакырып, ата-энелерди балдардын уюлдук телефондо эмне көрүп, кандай убакыт өткөрүп жатканына көңүл бурууга үндөдү.

Ошону менен катары эле, Акыйкатчы Чүй ОБИИне жабырлануучунун укуктарынын сакталышын камсыздоого жана окуяга адилетүү баа берүүгө чакырып расмий кат жолдоду.

Количество просмотров: 398