• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Атамбаевдин абалынан кабар алышты

21 Бирдин айы 2020 10:52 Бишкек Govori.TV

Алмазбек Атамбаевдин абалын билүү үчүн ал отурган УКМКнын тергөө абагына Акыйкатчы институтунун кызматкерлери барышты. Бул туурасында аталган институттан кабарлашты.

Алардын айтымында, Атамбаев аларга ден соолугунан аксап жатканы боюнча айткан.

«Саламаттыгы туурасында ал «акыркы мезгилде кан басымым төмөндөп жаткандыктан медиктерге кайрылууга аргасыз болдум» деди», — деп жазылган маалыматта.

Андан сырткары, билдирүүдө Атамбаев абактын түзүлгөн шарттарына нааразылыгы жок экендигин айткандыгы кабарланган.

Эске салсак, камактагы мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кан басымы төмөндөп, ден соолугу начарлап жатканын анын уулу Кадыр Атамбаев жазып чыккан.

Количество просмотров: 169