Акыйкатчы кызматына Жогорку Кеңештин фракцияларынан эки талапкер сунушталды. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.
«Ата Журт Кыргызстан» фракциясы талапкер катары башкы прокурордун мурдагы орун басары Жамиля Жаманбаеваны, ал эми «Ыйман нуру» фракциясы Кулира Кубатованы көрсөттү.
Буга чейин “Альянс”, “Ынтымак” фракциялары жана “Элдик” депутаттык тобу акыйкатчы кызматына экс-депутат Мирлан Жээнчороевдин талапкерлигин көрсөткөн. Бирок мурдагы эл өкүлү талапкер болуудан баш тарткан. Ал эми Акыйкатчы институтунун жамааты Аскат Азарбеков менен Урмат Аралбаевдин талапкерлигин көрсөтүштү.