• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Акыйкатчы Нарында эл менен жолукту. Кайсы маселелер көтөрүлдү?

12 Бештин айы 202415:07 Бишкек Govori.TV

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Нарын облусунун эли менен жолугушту. Ага200дөн ашуун адам келип, облустагы мамлекеттик органдардын жетекчилери да катышты.

Акыйкатчылык тараткан маалыматка ылайык, Нарын облусунун тургундары билим алууда, жер маселесинде, медицина жаатында укуктары бузулганын айтып арызданышкан.

Алсак, тургун ата-энесинен калган жер үлүшүн башка бирөөлөр талашып жатканын айтып, Акыйкатчыдан жардам сурады.

“Ата-энемден мага калган жер үлүштү соттун чечими менен тартып алууга аракет кылып жатышат. Менин ата-энем каза болуп калган. Жакында эле бейтаныш адамдар пайда болуп, мураска калган жер үлүш аларга таандык экенин айтып, күмөндүү тил катты көрсөтүп жатышат. Соттор да эмнегедир алардын пайдасына, мыйзамсыз чечимдерди кабыл алууда”, — дейт ал.

Акыйкатчы мамлекеттик органдардан аялдын укугун коргоону талап кылды.

Ошону менен катары эле, дагы бир аял пенсия алууга көмөк көрсөтүүнү өтүнүп кайрылды. Ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жеринен кеңеш беришкен.

Жолугушуудан кийин, Акыйкатчы күйөөсү бир нече жолу бычактап жиберген келинге барып, кабар алды. Аял Акыйкатчыга учурда анын балдары жана өзү коопсуз жерде жашап жатканын айтты.

“Мага учурунда тиешелүү жардам көрсөтүлдү. Мындай коркунучтуу окуядан кийин, өзүмө келүүгө жеке кризисттик борбордун психологдору жардам беришүүдө. Башында бир гана мага эмес, менин бардык жакындарыма да абдан оор болду. Өзгөчө балдарыма кыйын болду. Алардан ар ким атасы жана мен тууралуу сурай беришти. Азыр бир аз жакшы. Акырындан өзүмө келип, кайрадан балдарым үчүн жашашым керек экенине ынандым. Учурда, сот жүрүп жатат”, — деди аял.

Окуя соцтармактарга таркап кетери менен кайдыгер эмес жарандар аялга жардам колун сунушкан. Жеке кризистик борборлордун биринин жетекчиси үй-бүлөгө керектүү жардам көрсөтүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин 31-августта Нарында чуулгандуу окуя болгон. Мас абалында адам ашпозчу болуп иштеген аялынын жумушуна кирип келип, аны бычак менен сайып баштаган. Шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, камалган. Тергөө иштери уланууа.

Акыйкатчы Нарын облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыгында, мамлекеттик органдарга аялдардын жана балдардын укуктарын сактоону камсыздоого чакырган расмий кат жолдоду.

Количество просмотров: 170