• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Акыйкатчылык Орозайым Нарматовадан кабар алды

17 Бештин айы 2022 17:42 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы Институтунун кызматкери 4 күндөн бери ачкачылык кармап жаткан Орозайым Нарматовадан кабар алды.

Маалым болгондой, Нарматова ачкачылык кармоону улантууда.

«Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында камакта жаткан Нарматованын кан басымы 60/90, температурасы 36,7. О. Ал ичинин ооруганына арызданып, ашказан жарасы бар экенин билдирди. Нарматова ачкачылыкты токтотпоорун, өзүнүн камалышын саясий куугунтук деп бааларын айтуу менен, өлкөнү бир адам башкарыш керек деген позициясын билдирди. №1 тергөө абагынын кызматкерлерине эч кандай дооматы жана арызы жок.
Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынын кызматкерлери Орозайым Нарматова ачкачылык кармап жатканын ырасташты. Алардын маалыматы боюнча ал суу гана ичип жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 1755