• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Нарматова: Бийлик менен сүйлөшүү болгон жок

15 Бирдин айы 2023 11:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-февралда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бөгөт чарасын кароо күтүлүүдө.

Жараянга келген Орозайым Нарматова журналисттердин суроолоруна жооп берип, саламаттыгы тууралуу айтты.

«Тергөө абагына жатканга чейин жүрөгүм ооруй турганын билчү эмесмин. Бирок бул өнөкөт оору үй — бүлөбүздө бар болчу. Абакта шарттын жоктугу ден-соолукка таасирин тийгизет экен. Азыр абалым жакшы. Бүгүн бөгөт чарабыз каралат экен. Үй камагына чыгарабы же кайра камакта калтырабы белгисиз. Козголгон кылмыш ишинин баары туура эмес. Бийлик менен сүйлөшүүлөр болгон жок. Эгер андай болсо мага козголгон кылмыш иштери жокко чыкмак. Болбосо баарыбыз чыкмакпыз. Өзүм үчүн гана сурабайт болчумун», — деди Нарматова.

Эске салсак, Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган мурдагы депутат Орозайым Нарматова 30-январда соттун чечими менен үй камагына чыккан.

Количество просмотров: 1989