• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Орозайым Нарматова 20-апрелге чейин үй камагында калды

15 Бирдин айы 2023 13:14 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова 20-апрелге чейин үй камагында болот. Мындай чечимди бүгүн, 15-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жыйындан кийин 23-24-октябрда жыйырмадан ашуун саясатчы, активист кармалган.

Ички иштер министрлиги аларды жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо жана жетиштүү далил бар экенин билдирген.

27-октябрда Нарматова Москва шаарынан кармалганы кабарланып, активист Илгиз Шаменов менен бирге Бишкекке жеткирилген.

Кийин Нарматова ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Количество просмотров: 209