• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Шаардык сот Нарматованы камакта калтырды

28 Бештин айы 2022 16:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-декабрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча кармалган «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу апелляциялык арыз каралып, соттун чечими менен ал камакта калтырылды.

Белгилүү болгондой, буга чейин ачкачылык кармап жаткан Нарматова ден соолугуна байланыштуу ачкачылык акциясын токтоткон.

27-декабрда Орозайым Нарматова өзүн жаман сезип, отурган жеринде эсин жоготуп, кулап түшкөн. Мындан улам отурум бүгүнкүгө жылдырылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту буга чейин башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Камакка алынгандардын 20га жакыны 13-декабрдан тарта саясий ачкачылык жарыялаган. Алар бийликтен саясий куугунтукту, сөз эркиндигине басымды токтотууну талап кылууда.

Количество просмотров: 518