• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Акыйкатчынын кызмат ордуна Урмат Аралбаев сунушталууда

28 Баш оона 2018 17:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек.28.08.2018.Govori.TV.
Акыйкатчынын эмгек жамааты парламенттик фракциялардын лидерлерине Урмат Аралбаевди КРнын Акыйкатчысынын кызмат ордуна талапкер катары сунуштоону суранышууда.
Урмат Аралбаевдин талапкерлиги 2018-жылдын август айында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Аппаратынын эмгек жамаатынын жалпы жыйналышында талкууланып, колдоого алынган эле.
Аралбаев Урмат Сагыналиевич 1981-жылы туулган, юридикалык жогорку билими бар, юридикалык илимдеринин кандидаты, биринчи класстагы мамлекеттик кызматтын кеңешчиси класстык ченине ээ болгон. Ал өзүнүн ишмердүүлүгүн 2003-жылы Акыйкатчы аппаратынында баштаган.
Бүгүнкү күндө ошол эле органда эксперттик-укуктук иштер боюнча бөлүмүнө бөлүм башчы болуп эмгектенип жатат. Жалпы 15 жылдан бери аталган аппаратта иштейт.
Количество просмотров: 24