• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Акыйкатчынын орун басары Шухрат Айтиев каза болду

31 Бештин айы 2023 14:50 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчынын орун басары Шухрат Айтиев 39 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал бүгүн Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде кайтыш болгон.

Маркум менен коштошуу зыйнаты эртен, 1-январда саат 13.30да Жалал-Абад шаарында болот.

Шухрат Айтиев акыйкатчынын орун басары болуп 2023-жылы июнь айында дайындалган.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун журналистика борборунун директору, Жогорку Кеңеште сектор башчысы ошондой эле, КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаментинин директору болуп эмгектенген.

«Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жана Акыйкатчы институтунун жалпы жамааты Шухрат Анваровичтин жакындарына жана үй бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт. Акыйкатчы институту Шухрат Анваровичтин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысынтең бөлүшөт», — деп айтылат маалыматта.

Шухрат Айтиевдин артында жубайы, эки уул жана эки кызы калды.

Количество просмотров: 397