• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Акылбек Үсөнбекович тың болчу». Балбак Түлөбаев өкмөткө эмнеге нааразы болду?

23 Чын куран 202511:13 Бишкек Govori.TV

ЖК депутаты Балбак Түлөбаев бүгүн парламенттин жалпы жыйынынды өкмөт башчыга жана өкмөт мүчөлөрүнө нааразы пикирин айтып, ишин сынга алды.

Депутат мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаров азыркы Министрлер кабинетинин төрагасына караганда депутаттардын суроо, талаптарына, каттарына бат жооп берчү деди.

«Акылбек Үсөнбекович тың болчу, депутаттардын катына бат-баттан жооп берип турчу. Азыркы премьер-министрге жетип көлдү айланып келгиче канча өттү, дагы эле бир кат жаздык эле жооп жок», — деди Түлөбаев.

Ал ошондой эле өкмөт мүчөлөрүнүн дарегине да сын айтып, парламентти тоготпостук болуп жатат деген пикирин билдирди.

Количество просмотров: 458