Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлери менен кеңейтилген жыйын өткөрдү.
«Биз тарыхый этапты басып өттүк – өлкөнүн ИДПсы 1 трлн. 229 млрд. сомду (13 млрд . 981 млн. АКШ доллары) түздү, бул өткөн жылдардагы көрсөткүчтөн бир топ жогору» деп билдирди Акылбек Жапаров. Ал ошондой эле адам башына ИДПнын көлөмү дээрлик 2 миң долларды түзсө, 2020-жылы ал болгону 1230 долларды түзгөнүн кошумчалады.
“2024-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 677 миллиард сомдон ашты, ал эми ИДПнын реалдуу өсүү темпи 8,7%ды түздү. Эгерде Кумтөрдүн салымын эске албасак, анда ИДПнын көлөмү реалдуу түрдө 10,6%га өстү, бул өлкөдөгү экономиканын олуттуу өсүшүн жана 2023-жылга салыштырмалуу өсүү темптин тездегенин белгилейт”. Ошондой эле «дүйнөлүк туруксуздуктун жана чакырыктардын шартында мындай өсүш экономика жөн эле ыңгайлашпастан, ал жаңы деңгээлге чыгып, чыныгы бурулушту көрсөттү»- деп кошумчалады МинКаб башчысы.