• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Акылбек Жапаров аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны кыскарганын билдирди

19 Теке 202416:09 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров салык кызматынын коллегиясында «Кыргызстандын гүлдөп-өсүшүнө багытталган жаңы амбициялуу пландарды ишке ашыра баштадык»-деди.

Акылбек Жапаров 2026-жылга чейин пландаштырылган программалык иш-чаралардын көбү мөөнөтүнөн мурда аткарылганын токтолуп, калктын турмуш деңгээлинин жогорулашы байкалганын айтты. Мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин айлыктары, пенсия жана жөлөк пул байкаларлык көбөйүп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны кыскарганын билдирди.

Количество просмотров: 113