• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Акылбек Жапаров Байсалов эмоциясын башкарууну үйрөнөт деген ойдо

15 Бирдин айы 2022 12:51 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров орун басары Эдил Байсаловдун талкууга алынган аракеттерине баа берди. Жапаров Байсалов келечекте республикалык деңгээлдеги жетекчи болорун айтып, бирок эмоциясын кармоону үйрөнүшү керектигин билдирди.

«Мен анын потенциалы аябай жогору деп ойлойм. Эмоциясын башкарганды үйрөнөт деп үмүт артам. Албетте, бейөкмөт уюмдарда иштеген көп жылдык тажрыйбасы таасир этпей койбойт экен. Туура багытта бара жатат. Эгер ага убакыт берсек, эмоциясын башкарууну үйрөнөт», — деди Жапаров.

Буга чейин, Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун парламент тууралуу айткандарын сынга алышкан. Депутаттар аны тартипке чакыруу тууралуу өкмөт башчыга жана президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылшкан болчу.

Количество просмотров: 120