• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Акылбек Жапаров: Бизде 4 жок дегенде 5тен бала төрөлсүн деп кудайдан сураналы

22 Жалган куран 2022 18:29 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үй-бүлөдө бир нече баланын төрөлүшү кыргыз элинин келечекке болгон позитивдүү мамилесин билдирет деп эсептейт. Бул тууралуу ал кечээ, 21-мартта Нооруз майрамынын урматына уюштурулган салтанатта сөз сүйлөп жатып билдирди.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө өкмөттүн келечектеги пландарын белгилеп, бийликтин чечимдерине көңүл бурду. Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун командасынын 1,5 жылдан бери жасаган иштери элдин кызыкчылы үчүн чынчылдык менен кызмат кылууну көздөп жатканын далилдеди. Ал Кумтөр маселеси боюнча бийликтин чечимин, бир нече ишканалардын ачылышын, эл аралык аренада сүйлөгөн сөздөрүн жана башка окуяларды эске салды.

Жана ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы кыргызстандыктардын үй-бүлөсүндө бир нече баланын төрөлүшү алардын келечекке оптимисттик көз карашта экенинен кабар бере турганын кошумчалады.

«Дүйнөдө үй-бүлөдө экиден ашык бала төрөлсө, бул өлкөнүн бактылуулуктун жакшы көрсөткүчү деп эсептелет экен. Ал эми биз кудайдан жок дегенде төрт-беш бала төрөлүшүн тилейли. Ансыз деле 6,5 миллиондон аштык.Ошондуктан элибиз келечекке позитив, ишеним, үмүт менен карайт. Кең пейил кыргыз төрөлсө экен деп тилейбиз»-деп билдирди Жапаров.

Количество просмотров: 2954