• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Акылбек Жапаров да кеңешчи, жардамчы дегендерин бошотту

7 Аяк оона 202416:37 Бишкек Govori.TV

МинКаб башчысы Акылбек Жапаров коомдук башталышта иштеген бардык жардамчылары менен кеңешчилерин бошотту. Бул тууралуу Министрлер Кабинети билдирди.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров буйрукка кол койду. Ага ылайык, коомдук башталышта иштеген бардык жардамчылар жана кеңешчилер ээлеген кызматынан бошотулду.

Мындай чечим президенттик администрацияны реформалоонун жана башкаруу системасын жакшыртуунун алкагында кабыл алынды.

Количество просмотров: 212