• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Акылбек Жапаров: «Мен өзүмдүн жазган илимий ишиме эч качан уят болбойм»

3 Тогуздун айы 2018 15:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.10.2018.Govori.TV.
Илимий даражам боюнча китебим китепканаларда турат. Иликтеп көрүшсүн. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров  «GOVORI.TV» мультимедиалык маалымат агенттигине билдирди.
 » Менин жазган ишимди  карап иликтеп көрүшсүн. Меники жабык эмес. Докторлук диссертациямдын негизинде чыккан 3 китебим Москванын окуу жайларында. Биздин кыргызстандын китепканаларында дагы турат. Мен өзүмдүн жазган  докторлук диссертацияма  эч качан уят болбойм. Анын негизинде биздин Кыргызстанда ички дүң продукциябыз эки эсе өстү»,-дейт Жапаров.
Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын «Диссернет» эркин коомдук тармагына Акылбек Жапаровдун докторлук диссертациясындагы айрым маалыматтар башка булактан көчүрүлүп алынганын жазып чыгышкан. Маалыматка караганда, башка булактан алынды делген маалыматтардын астына авторго шилтеме берилген эмес. «234 беттүү маалыматтын 107си башка булактан көчүрүлгөн», — деп жазылат анда.

 

Количество просмотров: 8