• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Акылбек Жапаров Москвада жумушчу сапары менен жүрөт

17 Бештин айы 20239:57 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Москва шаарына (Россия Федерациясы) келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жумуш сапарынын алкагында Акылбек Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагындагы иш-чараларга катышат.

Өкмөт башчыларынын кеңешинин алдыдагы жыйынынын алкагында Кыргызстандын быйылкы КМШ органдарындагы төрагалыгынын жыйынтыгы чыгарылары күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Россия Федерациясы 2024-жылы Россиянын КМШга төрагалык кылуу Концепциясынын негизги жоболорун сунуштайт.

КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында окмөт башчыларынын билдирүүсүнө кол коюлуусу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2023-жылы КМШнын органдарына Кыргыз Республикасы төрагалык кылууда.

Количество просмотров: 120