КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мүнхен шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу Министрлер Кабинети кабарлады.
Акылбек Жапаров Кыргызстан үчүн айыл чарбасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн айтып, ар түрдүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө мүмкүндүк берген өлкөнүн өзгөчө климаттык шарттарын белгиледи.
“Агрардык сектордун потенциалын толук ачуу үчүн биз заманбап технологияларды жана методдорду киргизүүбүз керек жана бул багытта биз Германияны ишенимдүү өнөктөш катары көрөбүз”, — деди МинКаб Төрагасы.
Ал Германиянын агрономия, тамак-ашты кайра иштетүү жана туруктуу айыл чарба тармагындагы жетишкендиктери Кыргызстан үчүн маанилүү жардам боло аларын белгиледи.
“ВСП+ режиминин иштеши биздин айыл чарба продукцияларын Европа Биримдигинин рынокторуна экспорттоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Биз өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө жана продукциянын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берген биргелешкен долбоорлорду түзүүгө ачыкпыз”, — деп кошумчалады Акылбек Жапаров.
Ал чийки зат тармагындагы кызматташуунун потенциалына өзгөчө көңүл бурду.
“Кыргызстан жаратылыш ресурстарына, анын ичинде минералдарга, металлдарга жана асыл таштарга, сейрек кездешүүчү металлдарга бай. Биз жакында эле ири титаномагниттик Кызыл-Омпол кенин иштетүүнү баштадык, ал өлкөнүн тоо-кен тармагындагы маанилүү этап болуп калат”, — деди.
Өз кезегинде эки өлкөнүн бизнес коомчулугунун өкүлдөрү кыргызстандык өндүрүүчүлөр сапаттуу продукцияны сунуштоого даяр экенин айтышса, ал эми германиялык компаниялар керектүү технологияларды жана тажрыйбаларды бере аларын белгилешти.