• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Акылбек Жапаров Орусиянын премьер-министрине көңүл айтты

23 Жалган куран 2024 5:55 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москвадагы терактка байланыштуу Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустинге көңүл айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

«Крокус сити холлдо» көптөгөн курмандыктарга алып келген терактыга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кыргызстандын министрлер кабинети жабыркагандарды колдоп, бардык жактан жардам берүүгө даяр. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтарыбызды жеткирип коюңузду суранам», — деп айтылат телеграммада.

Эске салсак, 22-мартта аталган концерттик залда белгисиз адамдар тарабынан ок атылып, өрт чыкты. Алдын ала маалымат боюнча 40 адам каза таап, 100дөн ашык адам жабыркаган. Ал эми Россиянын ТИМи окуяны теракт деп атап, Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.

Количество просмотров: 91