• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Акылбек Жапаров сабакты 8:00дөн эрте баштоого уруксат берген токтомго кол койду

25 Теке 202417:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы орто мектептерде сабактарды саат 8:00дөн эрте баштоого уруксат берилди. Бул тууралуу токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн 25-июлда кол койду.

Ага ырайык, буга чейинки токтомдо “окуу сабактары саат 8ден эрте башталбайт” деген жобо “башталышы мүмкүн” деп өзгөргөн.

Ал эми борбор калаадагы кесиптик билим берүү мекемелеринде окуу саат 10:00дөн эрте башталбашы керек.

Бишкектеги менчик окуу жайларына да сабакты саат 10:00дөн кийин баштоо сунушу берилет.

Шаар мэри Айбек Жунушалиев жол тыгынын чечүү үчүн мектептерде сабактарды саат 7де, айрым мекемелерде саат 10до баштоо сунуштарын жарыялаган.

Количество просмотров: 272