• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Акылбек Жапаровдун АКШга болгон сапарын депутаттар кандай баалайт?

13 Чын куран 2023 15:09 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун АКШга болгон сапары тууралуу депутаттар пикирин билдирди.

Ушул жылдын 11-апрелинде Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтон шаарына (Америка Кошмо Штаттары) болгон иш сапарынын алкагында Дүйнөлүк банктын адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча Вице-президенти Мамта Мурти менен жолукту.  
 
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасында экономика, банк, билим берүү жана социалдык өнүктүрүү жана санариптештирүү тармактарында учурдагы жана пландалып жаткан долбоорлордун абалын талкуулашты.  
 
Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун жазгы жолугушууларында негизинен – Дүйнөлүк банктын эволюциясынын жол картасына, Дүйнөлүк банктын тобун реформалоо боюнча демилгелерге көңүл бурулду.
 
Сунушталып жаткан реформаларды колдоорун билдирген Акылбек Жапаров, климаттын өзгөрүшү жана пандемияга даярдык маселелерин Дүйнөлүк банктын миссиясына киргизүү, Дүйнөлүк банктын операциялык моделин жаңылоо, «кардар өлкөлөргө» каржылык жардамды көбөйтүү зарылдыгын кошумчалады.
 
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргыз Республикасына көбүрөөк көлөмдөгү «түз колдоо» керектигин, ал Кыргыз Республикасынын экономикасын стимулдаштырууга, пандемиянын адам капиталына тийгизген терс таасирин жоюуга, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө багытталат жана аймактык деңгээлдеги экономикалык байланыштарга жана жалпы рынокторго түрткү болоорун белгилегенди.  
 
Мындан тышкары, Акылбек Жапаров банкка тышкы карызды жашыл жана климаттык демилгелерге айландыруу механизмдерин иштеп чыгууну карап көрүүнү сунуштады.
 
«Мындай механизмдер өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө бир жагынан жашыл жана климаттын туруктуулугу боюнча долбоорлорду каржылоого, экинчи жагынан туруктуу карыз абалын камсыз кылууга мүмкүндүк берет», – деп белгиледи Жапаров.
 
Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын Вице-президенти Кыргыз Республикасынын билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагын каржылык колдоону көбөйтүүдө олуттуу жылыш бар экенин белгиледи, анын айтымында, бул «акыркы жылдары байкалууда».  
 
«Билим берүүнү жана саламаттыкты сактоону өнүктүрүүгө бюджеттин олуттуу көбөйүшү көңүл бурууга арзыйт, социалдык контракттын негизинде социалдык колдоо боюнча натыйжалуу чаралар көрүлүүдө», – деди Мамта Мурти.
 
Ал ошондой эле Минкаб Төрагасына Кыргыз Республикасындагы жогорку билим берүүнү өнүктүрүү үчүн Дүйнөлүк банктын жаңы долбоорун даярдоо жана каржылык жардам көрсөтүү жөнүндө маалымат берди, бул өлкөдөгү билим берүү тармагына жасалып жаткан колдоонун уландысы болот.  
 
Белгилей кетсек, учурда Дүйнөлүк банк балдарды мектепке даярдоону жакшыртууга багытталган “Келечек үчүн билим” долбоорун ишке ашырууда. Жогорку билим берүүнү модернизациялоо долбоору банк тарабынан бир нече айдын ичинде бекитилет деп күтүлүүдө.
 
Жолугушуунун маанилүү темаларынын бири санариптик технологияларды адам жашоосунун бардык чөйрөсүнө киргизүү болду.
 
Бул багытта тараптар кошумча финансылык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты жана заманбап дүйнөдө адамдын жашоосунун ажырагыс шарттары катары санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча позициялардын дал келишин ырасташты.
 
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Вашингтон шаарында (Америка Кошмо Штаттары) иш сапары менен жүрөт.
 
Иш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун Жазгы жыйындарына катышат, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен бир катар эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Количество просмотров: 293