• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

“Акылман” президенттик лицейи жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду

14 Бештин айы 2023 16:25 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров “Акылман” президенттик лицейи жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу иштеп жаткан “Акылман” президенттик лицейи Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин карамагынан чыгарылат жана түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Президентине баш ийет.

“Акылман” президенттик лицейин каржылоо толугу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун эсебинен жүргүзүлөт.

“Акылман” лицейинин жогорку башкаруу органы болуп Көзөмөлчүлүк кеңеши эсептелет, Кыргыз Республикасынын Президенти анын төрагасы болуп саналат.

Көзөмөлчүлүк кеңешинин түзүмү, компетенциясы, түзүү тартиби, мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү, алардын чечимдерди кабыл алуу тартиби “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө жобо менен аныкталат.

Количество просмотров: 73