Президент Садыр Жапаров «КР президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин мамлекет башчысынын 2022-жылдын 15-августундагы № 284 «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыгына ылайык, Элдик курултайдын статусун мыйзам менен жөнгө салууга чейин 2022-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында биринчи Элдик курултай 1 миң 74 делегаттын катышуусунда болуп өткөн.
«Элдик курултай жөнүндө» КР Конституциялык мыйзамы кабыл алынгандыгына жана күчүнө киргендигине байланыштуу КР президентинин 2022-жылдын 22-августундагы № 284 «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыгы күчүн жоготту, ошону менен бирге 2022-жылдын 25-ноябрында өткөн Элдик курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду.