• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Президент Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүү жөнүндө жарлыкка кол койду

18 Аяк оона 202218:09 Бишкек Govori.TV

 Президент Садыр Жапаров “Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарлыкка ылайык, Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө, ошондой эле Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан жарандардын жашоо-турмушу жана уюмдар үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылынган.

Белгилей кетсек, буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудагы чыгымды эсептей турган комиссия түзүлгөн.

Количество просмотров: 405