• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанда 9-сентябрь Комуз күнү деп белгиленди

29 Теке 201914:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.07.2019.Govor.TV.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Комуз күнү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Аталган багытта тиешелүү ишти жүргүзүү максатында Өкмөткө төмөнкүлөр сунушталсын:

— 9-сентябрды Кыргыз Республикасында жыл сайын белгиленүүчү Комуз күнү деп белгилөө;

— Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Комуз күнүн майрамдоого арналган иш-чараларды уюштуруу боюнча чараларды көрүүнү тапшыруу.

Бул жарлыктын аткарылышын контролдоо Президенттик Аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Количество просмотров: 199