• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Акын Азамат Ишенбеков камакта калды

12 Жалган куран 2024 18:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун кызматкери, акын Азамат Ишенбековдун камактагы мөөнөтүн узартты.

Соттун чечимине ылайык, ал 2 ай камакта болот.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 17-январында Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 165