• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Шаардык сот акын Ишенбековдун кармалышын мыйзамдуу деп тапты

2 Бирдин айы 2024 14:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-февралда Бишкек шаардык соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун кызматкери, акын Азамат Ишенбековдун кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Жактоочу Нурсултан Жаныбеков судья Нурлан Кожомбердиевге ишенбөөчүк көрсөтүп, өтүнүч канааттандырылган жок.

Ишенбеков коюлган айып менен макул эместигин айтты.

«Эч качан бийликти басып алууга чакырык жасаган кайрылуу, билдирүү жасаган эмесмин», — деди ал.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 273