Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо акын Болот Назаров боюнча туура маалымат жеткенин өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу кабарлады.
«Акын Болот Назаров боюнча туура маалымат Президентибизге жетти. Кудай буюрса кечке чейин күтөлү. Жакшы жаңылык болот деген үмүттөбүз!»,-деп жазды.
Эске салсак, буга чейин акын Болот Назаров бирөөнүн жылкысын тартып алууга айыпталып камалган.